super.kg logo

Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өндүрүш ишканасына жаңы унаа белекке тапшырылды

 

Бүгүн, 4-октябрда Бишкек шаарында жайгашкан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өндүрүш ишканасына жаңы унаа белекке тапшырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева катышты.

Аземде сөз сүйлөгөн Аида Касымалиева мындай аракеттер жакшы жышаан экенин белгилеп, Жогорку Кеңеш дагы бардык өлкө жарандары үчүн керектүү мыйзамдарды кабыл алып жатканын кошумчалады.

“2019-жылы мамлекет башчысы тарабынан БУУнун майыптардын укуктары жѳнүндѳ конвенциясын ратификациялоого тууралуу мыйзамга кол коюлду. Документ 24-марттан тартып күчүнѳ кирди. Аталган конвенция алкагында мамлекет майыптуулугу бар жарандарды жеткиликтүү чѳйрѳ жана инфратүзүм менен камсыздоого, аларды күнүмдүк турмушка толук аралаштырууга, бардык укуктар жана эркиндиктерди берүүгө милдеттеме алат. Ал эми Жогорку Кеңеш да саламаттыгы жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын коомдук жайларда эркин жүрүүсүнө, билим берүү мекемелерге баруусуна, социалдык жана маданий иш-чараларга катышуусуна мүмкүндүк берүүгө багытталган чараларды колдоп келет. Жалпысынан айтканда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарда эч кандай кемсинүү сезими болбоого тийиш”, - деди төраганын орун басары.

Кошумчулай кетсек, кичи автобус унаасы Германиянын Федералдык тышкы иштер министрлигинин бюджетинен каржыланып, “Жамийла” долбоорунун алкагында 16 миң еврого алынган. Анда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар каралган.

Ошондой эле иш-чарада мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын өз колу менен жасалган эмгектеринин көргөзмөсү болду. Алсак, бүгүнкү күндѳ Кыргыз өлкөсүндө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 181 миӊди же жалпы калктын 3 пайызын түзѳт. Алардын саны жыл сайын ѳсүүдө. Тиешелүү министрлик буга биринчиден калктын демографиялык ѳсүүсү себеп болуп жатканын айтууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: