super.kg logo

Улукбек Марипов Баткенде өтө турган "Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү" форумуна катышат

 

14-октябрда Баткен шаарында "Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү" форуму өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Форумдун ишине министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмен өкүлдөрү, ата мекендик ишкерлер жана бизнес-түзүмдөр катышат.

Белгилей кетсек, иш-чара "Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" президенттин жарлыгы алкагында Баткен облусунун экономикалык потенциалын кеңейтүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, ошондой эле жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында өтөт.

Аталган форум Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасы катары гана саналбастан, маанилүү макулдашууларга жетишүүгө да мүмкүндүк берет.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: