super.kg logo

Ошто көмүрдүн баасы 5 сомдон жогору болбогон көмүр базалары ачылат

 

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусундагы көмүр карьер жетекчилерин, райондун акимдери жана тиешелүү мекеме жетекчилери катышкан жыйын болуп өттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда кышка даярдык, Ош облусунун тургундарын көмүр менен камсыз кылуу жана көмүрдүн баасы тууралуу сүйлөшүштү. Зиядин Жамалдинов ишкерлерге жана жергиликтүү бийлик жетекчилерине кайрылып, кышында элди көмүр менен камсыз кылуу үчүн шарт түзүү жана көмүрдүн баасын жөнгө салуу керектигин айтты.

"Кыш оор болот деген божомолдор айтылууда. Ошондуктан биз Ош облусунун жашоочуларын көмүр менен камсыз кылышыбыз керек. Ал эми көмүр чыгарган ишканалардан сураныч, көмүрдүн баасын көтөрбөгүлө, элге ыңгайлуу баа койгула. Кар жааганда эле бааны жогорулатып аласыңар, кандай шартта болбосун көмүрдүн баасын 5 сомдон ашырбаган базаларды ишке киргизгиле”, - деди Ош облусунун башчысы.

Президенттин Оштогу өкүлүнүн сунушун ишкерлер колдоп, 15-октябрдан тарта атайын базаларда сатылуучу көмүрдүн баасын 5 сомдон жогорулатпоого макул болушту. Ал үчүн кара алтынды түз, ортомчусуз алып келүү боюнча жумуштар аткарылат. Ал эми райондук мамлекеттик администрациялар тарабынан жер-жерлерде атайын көмүр базалар уюштурулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.10.2021. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондой болсо кана эле, чондор кабинеттен чыкпай айтып коюшат базарга барсан эле башка бааны айтышат.. Ошто антипонолия деген кызматты жоюп салгылачы нары иштебегенден кийин, откондо август айында эттин баасы 20 сомго арзандады. 480 болду деп бут ММК лардан жарыя кылдынар эле 3 кун дагы ал баада турбады, кайра эле 500-520 дан сатылып жатат…
04.10.2021. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Казакстандан миллиондогон тонна көмүрдү сатып алгандан көрө Кыргыз көмүрдү эле өнүктүрүш керек.
04.10.2021. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Wold Кыргыз комурун өнүктүрөлү деп барса эле ызы чуу кылып ачтырбай жатышса кайдан өнүгөт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: