Өлкөнүн дипломатиялык кызматынын ардагери Марат Саралиновду мамлекеттик жетекчилер эскерди
Өлкөнүн дипломатиялык кызматынын ардагери Марат Саралиновду мамлекеттик жетекчилер эскерди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
3-октябрда 80 жаш курагында Кыргыз өлкөсүнүн дипломатиялык кызматынын ардагери, атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, профессор Марат Саралинов Уразалиевич мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
"Марат Уразалиевич 1941-жылдын 19-майында Фрунзе шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетин, андан соң Москвадагы Морис Торез атындагы чет тилдер институтун бүтүрүп, 1972-жылы СССР Тышкы иштер министрлигинин Жогорку дипломатиялык мектебине кабыл алынган.
Өзүнүн эмгек жолун 1969-жылы СССР дипломатиялык кызмат системасында баштаган. Марат Саралинов 28 жаш курагында Кыргыз ССР Тышкы иштер министрлигинин Башкы катчысы, 1974-жылы СССР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык мектебин аяктагандан кийин Александриядагы, Египеттеги СССРдин Башкы консулдугунун вице-консулу кызмат ордуна дайындалат, ал эми 1976-жылы Каирдеги СССРдин элчилигинин саясий кызматына которулат. 1981-жылы Чет өлкөлөр менен Кыргыз достук жана маданий байланыштар коомунун төрагасынын орун басары, ал эми 1984-жылы Кыргыз ССР ТИМинин башкы кеңешчиси, 1986-жылы СССРдин Нигериядагы консулу болуп дайындалган.
Марат Саралинов Кыргыз мамлекетине тышкы саясий системасынын калыптанышынын башталышында турган. 1991-жылы тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалат. 1996-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. 2001-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясында ишин улантат, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын Дубай шаарындагы Башкы консулу болуп дайындалган.
1969-2021-жылдары эл аралык маселелер боюнча ар кайсы тилдердеги көптөгөн макалалары дүйнөнүн өлкөлөрүндө жарыяланган.
2005-2021-жылдары ТИМдин Дипломатиялык академиясында профессор катары «Дипломатиялык жана консулдук кызмат» кафедрасында иштеди. Ал окутуу программасын иштеп чыгып, кыргыз жана орус тилдеринде окуу куралын чыгарды.
Жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүгү, элине ак эмгек өтөгөндүгү үчүн Марат Саралинов «Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, «Данк» медалы, «Манас-1000» эстелик медалы сыяктуу мамлекеттик сыйлыктар жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, «Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн отличниги» төш белгиси менен сыйланган.
Биринчи класстагы СССРдин атайын жана ыйгарым укуктуу кичи элчиси, Кыргыз Республикасынын ытайын жана ыйгарым укуктуу элчиси дипломатиялык рангдары жана Кыргыз Республикасынын экинчи класстагы мамлекеттик кеңешчиси деген класстык чиндин ээси болгон. Кытай улутунун Борбордук университетинин Ардактуу профессору, Чыгыш Европа жана Борбордук Азиянын ИИИнин ардактуу саясат таануучу-изилдөөчүсү жана Араб маданияты, ойлору жана адабияты ассоциациясынын ардактуу мүчөсү болгон.
Марат Саралинов өз өмүрүн татыктуу жашап өттү. Ал абдан чынчыл, боорукер жана кесиптештеринин урмат-сыйына татыган, өз муунунун мыкты өкүлү болгон. Анын өмүрү — элге жана мекенге адал кызмат өтөгөн ак эмгектин үлгүсү. Кыргыз мамлекетинин татыктуу уулу жана эң мыкты инсаны Марат Саралиновдун жаркын элеси элибиздин эсинде түбөлүк сакталат.
Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", - деп жазылат эскерүүдө.
Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Улукбек Марипов, Сүйүнбек Касмамбетов, Нургүл Бакирова, Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, Аида Касымалиева, Нурбек Сыдыгалиев.


