super.kg logo

Өзгөн шаарында шайлоо талаштары, шайлоо фонддору жана үгүт иштери боюнча окутуу өттү

 

Өзгөн шаарында шайлоо талаштары, шайлоо фонддору жана үгүт иштери боюнча окутуу өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Үгүт иштери жана шайлоо талаштарын кароо" деген темада окутууну депутаттыкка талапкерлер, саясий партиялардын өкүлдөрү, округдук шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана банк кызматкерлери үчүн уюштурду.

Партиялык съезддерди сыртта (ачык асман алдында) өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталат. Съезддерди имаратта өткөрүүдө саясий партиялар төмөнкү сунуштарды эске алышы керек:

  • саясий партиянын съезди өтүүчү жайдын кире беришинде “кирүү чыпкасын” уюштуруу;
  • съезд башталганга чейин жуучу каражаттарды колдонуу менен имараттын ичин жана иш алып бара турган жерлерди кылдат нымдуу тазалоону жүргүзүү жана дезинфекциялоо;
  • съезддин катышуучусунун температурасын байланышсыз түрдө өлчөө;
  • съездди өткөрүү эрежелерин жана коронавирустук инфекциянын алдын алуу чаралары боюнча эрежелерди кире беришке жайгаштыруу;
  • имараттын кире беришинде жана ичинде санитайзер же башка кол тазалоочу каражаттарды колдонууну камсыз кылуу;
  • • съезддин бардык катышуучулары медициналык бет каптарды же респираторлорду кийүү режимин милдеттүү түрдө сактоосу;
  • съезд өтө турган жайдын кире беришине жана ичине аралыкты сактоочу белгилерди орнотуу;
  • съезддин бардык процедуралары учурунда анын катышуучуларынын ортосундагы аралыкты (1,5 - 2 метр) сакталышын көзөмөлдөө үчүн жооптуу адамдарды дайындоо.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: