super.kg logo

Парламентте жайыт жерлерин натыйжалуу башкарууну жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу чаралары сунушталды

 

Парламент комитетинде жайыт жерлерин натыйжалуу башкарууну жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу чаралары сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам долбоору мамлекеттик жайыт жерлерин натыйжалуу башкарууну жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу жана айыл чарба багытындагы жерлердин бузулушуна жол бербөө, жайыттарды башкарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жогорулатуу жана жоопкерчилигин күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Кезинде өлкөдө жүргүзүлгөн жайыт реформасына байланыштуу “Жайыттар жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүп берилип, үч баскычтуу башкаруу тутуму киргизилген. Ал эми алар мамлекеттик жайыт жерлерин башкарууну Жайыт пайдалануучулардын коомдук бирикмелерине өткөрүп берген.

Ошентип коомдук уюмдар ушул кезге чейин жайыттарды эптеп-септеп башкарып келди. Тескөө укугунан тышкары, жайыт жерлерин башкаруу боюнча көзөмөл менен жоопкерчик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилгени менен алар иш жүзүндө башкаруудан четтеп калган. Эгерде азыртан тийиштүү чаралар көрүлбөсө, жайыт жерлеринен кол жууп калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан жайыттарды фондго берүү керек.

Мыйзам долбоорунда жайыт жеке жана юридикалык жактарга аң уулоо, балчылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, пайдалуу кендерди казып алуу, жеңил байланыш курулмаларын орнотуу, туризм, балык уулоо максатында, жергиликтүү калктын кызыкчылыгын эске алуу менен 5 жылга чейинки мөөнөткө, кийин аны 20 жылга чейин узартып, убактылуу пайдаланууга берүү жобосу да камтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: