Асанбай паркында мас абалда жол тандабас айдаган жаран аныкталды




Бишкекте тиешелүү документтери жок мас абалда унаа башкарган жаран аныкталды. Милициянын кайгуул кызматынан белгилешкендей, айдоочу жол тандабасты жасалма номер менен башкарып жүргөн.
Белгилүү болгондой, Асанбай паркында айдоочу жасалма номердеги Тойота Ленд Крузер унаасын айдап жүргөнү туурасында маалымат келип түшкөн. Жерине кайгуул кызматкерлери барышып, 1997-жылы туулган Б.Б. тиешелүү документтери жок, мас абалда рулда отурганы аныкталды.
Бул факты боюнча жол тандабас айып короосуна токтотулуп, айдоочу тергөөгө жөнөтүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.