Октябрь окуясынын катышуучулары түзгөн "Кыргыз Үмүтү" коому: "Мамлекеттеги өзгөрүү боюнча "Кумтөрдү" айта алабыз"
Бир жыл мурун, тагыраагы 2020-жылы 5-октябрда өлкөдө башалмандык башталып, анын аягы бийлик алмашуу менен аяктаган.
Анда сөз башынан болсун.
2020-жылы 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп өтүп, 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон жарандар митингге чыгышып, башаламандык орун алган. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү басып алышкан. Тилекке каршы, митингде 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу ооруканада көз жумган. Аталган окуяда 1250 адам жаракат алган.
5-октябрдагы окуянын катышуучулары жана жаракат алган жарандар "Кыргыз Үмүтү" коомдук бирикмесин түзүшкөн. Анын жетекчиси Саламат Алмазбек уулу аталган окуянын жыйынтыгы тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Октябрь окуясы болгонуна бир жыл болуп калды. Бул окуянын максаты люстрация болчу.
Мамлекетте өзгөрүү боюнча "Кумтөр" тууралуу айта алам. Аталган компания Кыргыз өлкөсүнө кайтарылып алынганы өтө жакшы кабар деп ойлойм", - деп билдирди Алмазбек уулу.



Экинчиден кайдагы люстрация? Бийликте ончой эле эски коррупционерлер, чимкириктер отурат, плюс Жапаррв менен Ташиевдин тууган-туушкандары, жакын айланасындагы дакансалары...
Учунчудон Кумтор боюнча кандай жыйынтык болгонун али так биле элекпиз. Центерра Кыргызстандын доосу боюнча 4-5 ммллиард доллар толоп берген да жок...
Кухняга кирип,оозуна туз салып алчы ээ...Көрө албастыктан ичиң өрттөнүп,сасып кетиптир...
Ун, майлар арзандабастан кайра кымбаттады. 30 сомдук бензин 58 сомго чыкты. 40-45 сомго чыкса эл тополон кылчу эле, адатынча эл сабыр кылып отурат. Элдин сабыры менен ойноонун арты жакшылыкка алып барбасын Ташиев да, Жапаров да бат унуткан корунот.
Инфляциянын денгээли 2 жылда 70-100%ке жетти кеминде. Ал эми айлык-маяналар, пособиелер ошол бойдон... Кары-картандардын пенсияларына боогону 10% кошулду, шылдындагансып... Бюджетте акча жок дейт, Жапаров менен Ташиевдин тууган уругу, уулдары, кыздары, ага-инилери, тайке-жээндери, бололору, окул балдары, куйоо балдары кандай жашап жатканын, кандай кымбат унааларда жургонун коруп койсон ашык болбойт
Эртен шайлоону да коробуз. Шайланып келгендердин кеминде 40-50% былтыры Биримдик, Мекеним Кыргызстан, Кыргызстан партиялары менен шайланып келген жепжутарлар болот...