Венгрия октябрь айынан тарта Кыргыз жарандарына Шенген визасын бере баштайт
Венгрия элчилиги октябрь айынан тарта Кыргыз жарандарына Шенген визасын бере баштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
"Кыргыз өлкөсү менен Венгриянын тышкы иштер министрлери Венгриянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги үстүбүздөгү жылдын октябрынан баштап Кыргыз жарандарына Венгрияга жана Европа Биримдигинин башка бир катар өлкөлөрүнө шенген визасын бере тургандыгы жөнүндө макулдашты. Бул Кыргыз өлкөсүнүн жарандары үчүн виза алуу процессин кыйла жеңилдетет", - деп билдиришти министрликтен.
Мындан тышкары, жолугушууда тышкы иштер министрлери Ооганстандагы кырдаалды талкуулашкан.
Венгриянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилиги 2020-жылы Бишкек шаарында ачылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
4

Комментарийлер(3)
CAPATAH

05.10.2021. 11:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы болмок
Antiradikal3

05.10.2021. 12:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оруссия менен Кытайдын козун карап жалдырабай, бийлик кыргыз жарандарына Европа олколору, АКШ, Канада, Австралияга эшик ачууга жетишсе болмок, мигранттарыбыз Оруссия, Туркиянын ордуна аталган олколордо иштесе мигранттарга коп женилдик болмок, мигранттар Кыргызстанга которуп жаткан акчалар кеминде 2-3 эсе кобоймок. Раз биздин мамлекет жумуш орундарын тузуп, ацлык маяналарды жогорулатууга жондомсуз болгондон кийин ........
Dembele84

05.10.2021. 13:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошол жакта иш болсо иштейт элем
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.