super.kg logo

28 жаштагы Илгиз Шамырзаев "Жылдын мыкты мугалими" сынагын жеңип алды

 

Бүгүн, 5-октябрда өлкөдө мугалимдер майрамы белгиленип жатат. Бул күндү утурлай борбор калаада "Жылдын мыкты мугалими" республикалык кароо сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи орун алды. Анда мыкты мугалим номинациясын 28 жаштагы мугалим Илгиз Шамырзаев жеңип алды.

Ал бүгүнкү жеңишке жетүү үчүн көп жыл даярданганын айтып өттү.

"Бул сынакка Ош облусунун атынан катыштым. Учурда Ош шаарындагы №52 Кыргыз-Түрк достук мектеп-лицейинде кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп 5 жылдан ашык убакыттан бери эмгектенем.

Негизи 2016-жылы окууну аяктаган болсом, ошол жылдан баштап үзгүлтүксүз иштеп, кароо-сынактарга катышып келем. Алгач 2016-жылы студенттер арасында республикалык педагогикалык дебют сынагында жеңүүчү болгом.

Ушул күнгө чейин мугалимдик кесипке байланыштуу 3 сынакта жеңүүчү деп табылдым. Алардын натыйжасында бүгүнкү баскычка жетип келдим десем болот. Бул жеңишти күткөм. Буга чейин аталган сынактын жеңүүчүлөрүнө байланышып сынак тууралуу маалымат топтоп, кызыкдар болуп жүргөм. Ошол максатым бүгүн орундалып, бактылуу болуп турган чагым", - деп кубанычы менен тең бөлүштү Шамырзаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.10.2021. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: