super.kg logo

Бишкек ЖЭБ, жеринен кабар. Калаага 3 күн ичинде жылуулук берилип бүтөт (сүрөттөр)

 

Бишкек ЖЭБи күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдыктары тууралуу тааныштыруу максатында бүгүн, 5-октябрь күнү пресс-тур уюштурду.

ЖЭБдин башкы инженеринин орун басары Нурлан Кулжыгачов ишкананын быйылкы пландары, даярдыктары тууралуу айтып берди.

"Быйылкы токтом боюнча, күз-кыш сезонуна 1 миллион 650 тонна көмүрдү кампабызга камсыз кылышыбыз керек. Анын ичинен 1 миллион тоннасы Кара-Кечеден алып келинет. 650 миң тоннасы импорттук Казакстандын көмүрү. Андан сырткары "Газпром Кыргызстан" менен 68 миллион метр куб газга келишим түзүлгөн. Учурда үзгүлтүксүз газ бизге келип турат.

Азыр кампабызда 281 миң тонна көмүрүбүз бар. Анын ичинен 153 миң тоннасы импорттук көмүр. Бүгүнкү күндөн баштап мэриянын токтому боюнча жылуулук берип баштадык. Биздин график боюнча үч күндүн ичинде берип бүтөбүз.

Быйылкы план боюнча 2,5 миллиард киловатт электр энергиясын өндүрүп чыгарышыбыз керек", - деп айтты инженер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: