"Дагы митингге чыга беребиз". Самат Ибраевдердин үй-бүлөсүнө болгон нааразылык уланат
Кечээ, 4-октябрда ишкерлер депутат Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраевге чара көрүү боюнча Ак Үйдүн алдына митингге чыгышкан. Бүгүн, 5-октябрда бийлик тараптан эч кандай реакция болбогонун жабырлануучулардын жактоочусу Токтайым Үмөталиева SUPER.KG порталына билдирди:
"Кечээ Ак Үйдүн алдына туруп кеттик. Бийлик тараптан
эч кандай реакция болгон жок. Биз митингге чыгууну уланта беребиз", - деди Үмөталиева.
Белгилей кетсек, кечээ, 4-октябрда депутат Самат Ибраевдин уулу Данияр Ибраевден жабыркадык деген ишкерлер Ак Үйдүн алдына митингге чыгышкан.
Эскерте кетсек, депутат Самат Ибраевдин уулу, "Строймир" ЖЧКсынын башкы директору 1992-жылы туулган Данияр Ибраев 2018-жылдын декабрынан 2019-жылга чейин курулуш арматурасын берүү шылтоосу менен жети адамдын акчасын тартып алганын билдирген. Жалпы сумма 507 миллион 352 миң 49 сомду түзгөн.
2019-жылдын 26-декабрь күнү эл аралык, анын ичинен Интерпол багыты боюнча издөөгө алынган. 28-декабрь күнү Интерполдун билдирүүсүнө ылайык, Данияр Ибраев Болгария Республикасынын София шаарында кармалган. Ошол учурда издөөгө алынган Ибраевди Кыргыз Республикасына экстрадициялоо процесси башталган.


