super.kg logo

Бензин 1 сом 50 тыйынга, дизель 1 сомго. Жакынкы күндөрү күйүүчү майлардын баасы дагы кымбатташы күтүлүүдө

 

Октябрь айында өлкөдө күйүүчү майдын баасы дагы кымбатташы күтүлүүдө. Бул туурасында Кыргыз нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов маалымат жыйында айтты.

Ал белгилегендей, алдыдагы эки апта ичинде бензиндин баасы 1 сом 50 тыйынга, дизелдик майдын баасы 1 сомго жогорулайт. Эки аптадан кийинки божомол кандай болору белгисиз.

"Күйүүчү майга болгон бааны туруктуу кармоо үчүн нефтетрейдерлер ассоциациясы мүмкүн болушунча чыгашаларды азайтты. Быйыл киреше 1 пайыздан ашкан жок. Компаниялар тобокелге салып күйүүчү майлардын эки айлык запасын сатып алышты. Мындан улам күйүүчү майлардын баасында кескин кымбаттоо болгон жок.

Дүйнөлүк тенденцияда жогорку баалар сакталууда. Орусиянын эки нефть өндүрүүчү заводу оңдоп-түзөө иштерин баштаган. Алардын 80 пайыз өндүрүмү Борбор Азияга экспорттолчу. Учурда биз башка заводдор менен иштешебиз, бирок баасы жогору", - деп белгиледи ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: