super.kg logo

Жаныбек Абиров парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан ат салышат

 
Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Жаныбек Абиров бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышат. Бул туурасында ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу айтып чыкты.
"Урматтуу достор, кымбаттуу мекендештер! Ак ниет менен мекенибизге кызмат кылуу максатында жеке каалоом, командамдын колдоосу менен Ленин районунун 26 округунан бир мандаттуу талапкер катары парламенттик шайлоого аттандым.
Бул убакытка чейин 4 жыл Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп, 3 жыл төрагалык милдетти аткардым. Бул жылдар аралыгында командабыз менен жигердүү, таза, так иш алып барып келдик. Буюрса, аткарылуучу иштерибиз, пландарыбыз абдан көп. Жаркын келечек үчүн жаштыгыбызды, дем күчүбүздү арнап, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыбызды кошууга шайлоого аттандык", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, апрель айында Жаныбек Абиров төрагалык кызматын убактылуу токтотуп, жергиликтүү кеңешке шайлоого катышкан. Май айында ага кылмыш иши козголгон. Тагыраагы, Бишкек шаарынын бюджетинин болжолдонгон киреше бөлүгү жасалмалоо жолу менен көбөйтүлүп, анын долбоору Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров тарабынан талкуусуз бекитилип, эмгек акыларына үстөк акылар негизсиз кошулганы маалымдалган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: