super.kg logo

ЖЭБдеги бардык от казандар тазалоочу курулмалар менен иштейт

 

Бишкек ЖЭБи күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдыктары тууралуу тааныштыруу максатында бүгүн, 5-октябрь күнү пресс-тур уюштурду.

ЖЭБдин өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн инженери Анжелика Жданова ЖЭБ себептүү абанын булганышынын 14 пайызын түзгөндүгүн билдирди.

"Биз адаттагыдай эле иштеп жатабыз. Бардык от казандар тазалоочу курулмалар менен иштейт. Ансыз иштебейт. ЖЭБдин эски агрегатында күл жыйноочуларды жана электрофильтрлерди тазалоонун эффективдүүлүк коэффициенти 94 пайызга барабар болсо, жаңыларында 99,9 пайызды түздү.

Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги ЖЭБден чыккан абанын булганышы 14 пайызды түзөт деген корутунду чыгарды. Бизде эмиссиянын нормалары ашкан жок. Бирок биздин жабдуулар эскирген, 1960-жылдардын станциясы", - деп айтты Жданова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: