Көмүрдүн баасы арзандайбы? "Кыргыз көмүр" ишканасынан жооп беришти
Көмүрдүн Кара-Кечеде коюлган баасы 1300 сом. Бул тууралуу "Кыргызкөмүр" ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымына караганда, учурда көмүрдүн баасын төмөндөтүү аракеттери көрүлүүдө.
"Азыркы учурда Кара-Кечеде көмүргө коюлган баа 1333 сомду түзөт. Ал эми унаалар ал жактан 2 миң сомго ташууда. Жол чыгымдары кошулуп көмүрдүн баасы 1 тоннасы 3330 сомду түзүүдө. Президент көмүрдүн баасын арзандатуу боюнча тапшырма берди. Айдоочулар ассоциациясы менен көмүрдү арзан баада жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз.
Эң негизгиси көмүрдү ачып алдык. Эми бааларды түшүрүп алсак... Көмүр тартып келгендер бир күн күтүп калат экен деп 1000 сом кошуп жатат.
Кара-Кечеде көмүр канчалык көп чыгарыла баштаса Бишкекте көмүрдүн баасы арзан болот. Бүгүнкү күндө 1 тоннасы 4 жарым, 5 миң сом болуп жатса, эми дагы 10 күндөн кийин көмүрдүн баасы 4 миңге, андан кийин 3 миң 800, 3 миң 500гө түшүп калчу. Буюрса, быйыл деле ушундай жагдай болушу күтүлөт.
Өлкөдө көмүр казуу боюнча 44 ишканага лиценция берилген. Алардын ичинен бир эле "Кыргыз көмүр" ишканасы Кара-Кече филиалы менен мамлекетке тиешелүү. Калгандары менчик ишканалар.
Учурда лицензияларды менчик ишканаларга берилбей, "Кыргыз көмүр" ишканасы эле алсын деп жатам. Бүгүнкү күндө Нарын облусунан Турук, Чоң Алайда Текелик көмүр кендерин биздин ишкананын карамагына алып жатабыз.
Түштүк жергесинде көмүр эмне себептен кымбат? Бул аймакта Сүлүктү, Кызыл-Кыяда шахта методу менен көмүрдү жердин астынан алып чыгат. Анын наркы кымбатыраак. Биз болсо Кара-Кечеде ачык аймактан экскаватор менен көмүрдү алабыз. Бул бир кыйла арзан түшөт.
Күн сайын Кара-Кечеде 200 унаа көмүр жүктөлүп жатат", - деп билдирди Жакыпов.





1 |