Бишкекте көмүрдү кайдан сатып алса болот? Шаардык мэрия тизме жарыялады
Бишкек мэриясы бүгүн, 5-октябрда шаардын аймагындагы көмүр саткан жайлардын тизмесин жарыялады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6 отун базасы жана 7 стационардык пункт бар. Мындан тышкары, шаардын калк жашаган аймактарында 35ке жакын стационардык пункттар ачылары мерчемделүүдө.
Ленин районунда төрт отун базасы:
- "Ак-Жол" ЖЧКсы, (Мурманск көчөсү, № 1а) ;
- "Торг-Синтез", "Кара-Жыра" ЖЧКлары, (Мурманск көчөсү, №59а) ;
- "Береке" ЖЧКсы, (Мурманск көчөсү, №259) ;
- "Беш-Сары" ЖЧКсы, (Мурманск көчөсү, №186).
Октябрь району:
- "Торг-Синтез" ЖЧКсы, (Төкөлдөш конушу, "Аламүдүн" станциясында) ;
Свердлов району:
- "Восход и К" ЖЧКсы, (Достоевский көчөсү, №1).
Ленин районундагы иштеп жаткан стационардык пункттар:
- Пушкин көчөсү, №182;
- Гагарин көчөсү, №67;
- Баррикадный көчөсү, №2.
Свердлов району:
- Учкун жаңы конушу;
- Саадаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши;
- Келечек конушу;
- Ак-Бата конушу.


