"Кыргыз көмүр": "Кара-Кечедеги коопсуздукту сактоо үчүн Ташиев "Альфа" атайын багыттагы аскерлерди жөнөттү"
Кара-Кече көмүр карьеринде коопсуздукту УКМКнын "Альфа" атайын багыттагы аскерлери көзөмөлдөп жатат. Бул тууралуу "Кыргыз көмүр" ишканасынын жетекчиси Мирлан Жакыпов "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
Анын айтымына караганда, "Альфа" атайын багыттагы аскерлери 5 күндөн бери Кара-Кечедеги коопсуздукту камсыздоодо.
"Кара-Кечеде коопсуздукту сактоо максатында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Альфа" атайын багыттагы аскерлерди берди. Анда алардын курамы 12 аскерден турат. Алар биздин карьерде 20га чукул коопсуздукту камсыздоо кызматкерлери менен бирге коосуздукту сакташат. 5 күн болду "Альфа" курал-жарактары менен барып кызмат кылышууда. Бул аскерлер биздин гана Кара-Кечеде болот. Ошол эле карьердин ичинде "Шарбон" деген Жабык акционердик коом бар. Ал жакка ИИМден аскерлерди сурап жатабыз", - деди Жакыпов.
кошулду



Ашып тушсо керек..... Ар бир литр ГСМден 5-10 сомдон доляда отурса керек Ташиев менен Жапаров. Алтын-кумуш, бажы, комур, ГСМ, деги койчу,кайсы бирин санап берейин........