super.kg logo

"Күнөөлөй электе эле актанып чыгышты" дейт Кеминде асынып алды делген келиндин апасы

 

19-сентябрь күнү Чүй облусунун Кемин районуна караштуу Орловка шаарындагы үйлөрдүн биринен 1997-жылы туулган Медина Нурлан кызынын асынган абалдагы жансыз денеси табылган. 20-сентябрда Токмок шаарында соттук-медициналык экспертиза жасалып, андан соң сөөгүн туугандары Нарын облусуна алып кетишкен. SUPER.KG порталы буга чейин тарткан репортажда келиндин кайненеси менен жолдошунун айткан сөздөрү чындыкка дал келбей турганын маркумдун апасы Гүлзат Турсуналиева айтат.

"Күйөө балам менен кызым кайненесинин айынан көп жолу урушуп жүрүшчү, кызганычтан дагы чыр чыккан. Кызымды үйгө жүктөрү менен көчүрүп алып келип алсам кечирим сурап, аркасынан кайда барса калбай жүрчү. Бир эмес көп эле жолу кол көтөргөнүн да кызым айтып калчу, ортодо бир баласы болгондон кийин ага ата керек деп кызым барып кайра жашап жаткан. Күйөө балам мага "эми намаз окуйм, экинчи кол көтөрбөйм" деген сөзүнө ишенгем. Окуя болгон учурда мен Москвада болчумун. Кабарды укканда дароо келдим, ошондон бери күйөө баламды деле көрө элекмин, балким, астыма келип "апа, ушундай болуп калды" деп тизелесе, мен кызымдын денесин экспертизага жөнөтүп кестирбейт белек... Жөн жерден кызым кыйналды. Кайненеси менен күйөө баламды эч ким күнөөлөй электе актанып жатканы күмөн санатат", - дейт маркум Мединанын апасы. Толугу менен видеодон көрүңүз.






Кызы каза болгон эне: “Кызымдын кайын журту күнөөлөй электе эле актанып чыкты“

Автор: Медина Найманова
Оператор: Мухамедзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
06.10.2021. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеону толук коргончо бир далай убакытым кетти. Бирок, каза болгон Медина тууралуу оюм озгорду.
Демек,Медина озун озу аскан эмес!! 4 жаштагы баланын айтып отурганы чындыкка жанашат.
Мен Мединаны да Апасын да тааныбайм, бирок оз атым Медина болгондуктан ушул кабарга озгочо конулум бурулду негедир(((((
06.10.2021. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мединанын жаткан жери жайлуу, топурогы торко болсун!!
АПАсына,тууган-туушкандарына Сабыр берсин!
Уулу Эл керегине жараган Азамат болсун!
SUPER.KG видео
09.10.2021. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буну карасан. Уялбай да карап коет мамасы ? Энендурайын. Мамасы куткарыш керек болчу кызын. Оозунду жап. Келбе уйго. Куйондон чыкпа деди да. лишний рот кереги жок деп. Мамасы олтурду. энендурайын кыргыздар салттарынар менен жерге киргиле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: