super.kg logo

Садыр Жапаров Фумио Кисиданы Япониянын премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады

 

Бүгүн, 5-октябрда президент Садыр Жапаров Фумио Кисиданы Япониянын премьер-министри кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка ээ болгондон бери Японияны ар кандай чөйрөдөгү достук жана узак мөөнөттүү өнөктөш катары эсептейт.

Япония көп жылдар бою кыргыз элине социалдык-экономикалык реформаларды улантууга, элдин жыргалчылыгын жакшыртууга жана демократияны чыңдоого багытталган ишмердүүлүктүн эң артыкчылыктуу багыттары боюнча олуттуу жардам көрсөтүүдө. Япониянын үзгүлтүксүз колдоосун жогору баалап, пандемияга каршы өз убагында көрсөтүлгөн жардам үчүн өзгөчө ыраазычылык билдиргим келет.

Эки мамлекеттин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелер мындан ары дагы сиздин жеке колдооңуз менен ийгиликтүү өнүгө берет деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Фумио Кисидага чың ден соолук, жооптуу мамлекеттик ишине албан ийгиликтерди, ал эми Япония элине тынчтык жана өнүгүү каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: