super.kg logo

Бишкек ЖЭБинен фоторепортаж

 

Бишкек ЖЭБи күз-кыш жылытуу мезгилине карата даярдыктары тууралуу тааныштыруу максатында бүгүн, 5-октябрь күнү пресс-тур уюштурду.

Сүрөттөгү автобуска отуруп алып, ЖЭБдин территориясы менен таанышып чыктык.

ЖЭБдин башкы инженеринин орун басары Нурлан Кулжыгачовдун айтымында, быйылкы токтом боюнча, ЖЭБ күз-кыш мезгилине 1 миллион 650 тонна көмүр камдашы керек. Анын ичинен 1 миллион тоннасы Кара-Кечеден алып келинет. 650 миң тоннасы импорттук Казакстандын көмүрү. Азыр кампада 281 миң тонна көмүр бар.

Тарыхка кайрылсак, Бишкек шаарынын ЖЭБинин курулушу 1958-жылы башталган. Саатына 160 тонна буу чыгарган үч энергетикалык казандарды жана буунун теплофикациялык ылгоо менен жалпы электр кубаттуулугу 60 миң киловатт болгон эки турбоагрегатты орнотуу долбоордо биринчи кезекте каралып, 1961-жылдын 14-сентябрында ишке биринчи турбоагрегат киргизилген.

Оң жактагы тепкичтери бар имарат бул атайын фильтрлер, сол жакта болсо жаңы блоктору менен турбина залы.

ЖЭБдин курулмаларынын комплекси башкы имараттан, отун бергич жүк түшүрүүчү түзүлмөдөн, эритүүчү түзүлмө менен катуу отундун кампасынан, мазут шаймандарынан, 220, 110, 35 киловатт ачык бөлүштүрүүчү түзүлмөлөрдөн, ГРУ-6 киловатт калканчтуу блогунан, суу менен камсыздоо техникалык курулмаларынан, химиялык суу тазалоодон, күл калдыктарын ташуу жана иреттөө системаларынан турат.

"Бишкек электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Бишкек ЖЭБде 1 миң 500 кызматкер иштейт. Жалпы компаниянын кызматкерлеринин саны 4 миң 500, ал эми жалпысынан энергетика тармагында 16 миңден ашык адам эмгектенет.

Бишкек ЖЭБи бир гана жылытуу, электр энергиясын бөлүп чыгаруу менен гана эмес, гүл өстүрүү менен да алектенишет экен. Күз мезгили келип бир аз суук түшкөнүнө карабай, гүлдөрдүн жыты буркурап көңүл бурдуруп турду.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: