Тажикстан электр энергиясын берсе Кыргыз тарап чек арасын ачабы? Жооп
Кыргыз өлкөсү 1-октябрдан тарта Тажикстандан электр энергиясын сатып ала баштады. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев маалымат жыйында билдирди.
Министр электр энергиясын кандай баада сатып алышканын атаган эмес жана сүйлөшүүлөр дагы деле уланып жатканын билдирген.
"Тажикстанда азыр жетиштүү. Ошондуктан алар бизге сунушташты. Күнүнө 1 миллион киловатт-саат импорттойбуз. Баасын айтпайм. Төлөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат ", - деди Доскул Бекмурзаев.
Ошондой эле ал Тажикстан менен чек аранын жабылышы тууралуу суроого жооп берип жатып энергетика тармагы саясатка көз каранды эмес экенин белгиледи.
Ал белгилегендей, ушул айда 30-50 миллион киловатт-саат тажик электр энергиясын импорттоо пландалууда. Энергетиктер чыр-чатактар учурунда да иштешерин жана электр энергиясын жеткиришерин кошумчалаган.
Мындан тышкары Орусиянын электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгы маалымдалат.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, Кыргыз мамлекетинин башкы суу сактагычы Токтогулда суунун деңгээли өтө төмөн болгондуктан, өлкөдө электр энергиясын колдонууга катуу чектөө киргизилген. Ал эми Тажикстандын өзүндө өткөн күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын жетишсиздиги байкалган, аны өлкөнүн айыл жерлеринде берүүгө чектөө киргизилген. Быйылкы күздө эч кандай чектөөлөр жарыялана элек.
кошулду



Таджикстан официалдуу маалымат берди. Кыргызстанга энергия сатышкан жок.
Ушундай чимкириктерди министр кылып отургандарга наалат болсун..... Тажиктерден ток сатып алгыча токтун зымына асылып олуп алышса сооп болоор эле.......