Жаңы каармандар дагы бар. "Кошунаны тандабайт" толук метраждуу тасмасы тартылып жатат







Миллиондогон көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, өлкөдө акыркы жылдардагы белгилүү "Кошунаны тандабайт" сериалынын толук метраждуу тасмасы тартылып жатат. Бул тууралуу "1.1" студиясынын мүчөсү Аселя Амираева билдирди.
"Кошунаны тандабайт" сериалынын толук метраждуу тасмасы кыргыз элине тартууланганы жатат. Азыркы учурда тартуу иштери жүрүп жаткан чагы. Өзүнүн күйөрмандарын дагы да болсо кызыктыруу максатында кошуналар бул ирет борборубузда гана эмес, өлкөнүн башка шаарларынан да кызыктуу кадрларды жаратып жатышат", - деп билдирди Амираева.
Тасманын негизги каармандары Толгонай Арзыкеева, Назира Айтбекова, Актан Рыскелдиев, Эрмек Таалайбеков, Бектур Усенов, Аскат Сулайманов, Гүлмира Турсунбаева, ошондой эле бул тасмага жаңы каарман болуп Албина Имашова, Азиз Мурадиллаев, Камчы Сарыбаев жана Арнис Кыдырмышев кошулган.
"1.1" студиясы буга чейин "Бир тууганчик", "Ванчопа", "Эл эмне дейт?", "Жарайт сити" жана башка мыкты долбоорлор менен элди кубандырып келген.


