super.kg logo

Жогорку Кеңештин төрагасы: "Жаңы окуу имараттарынын санын көбөйтүү аркылуу аларды заманбап окуу куралдары менен жабдуу иши тынымсыз улантылат"

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Келечек муундун өкүлдөрүн ажайып илим дүйнөсүнө жетелеп, алардын жеткиликтүү билим, татыктуу тарбия алуусуна камкордук көрүү мугалимдердин асыл милдети. Анткени "Мыкты билим – улуу күч!" дегендей, билимдүү жаштар – элибиздин эң башкы байлыгы. Өлкөнүн бакубат келечеги да билимдүү жаштардан көз каранды. Айрыкча азыркы ааламдашуу доорунда да адамзат болочогун илим менен билимсиз элестетүү эч мүмкүн эмес.

Бул жаатта коюлган максаттарды ишке ашырууда билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин, мугалимдеринин жигердүү аракети, жемиштүү ишмердүүлүгү өтө зарыл. Себеби демилгелүү, чыгармачыл, өз кесибин сүйгөн агартуучу гана мамлекеттин келечегине керектүү жарандарды, адистерди тарбиялай алат. Андыктан ары жоопкерчиликтүү, ары сыймыктуу "мугалим" деген ардактуу кесиптин ээси болгон агартуучулардын иши өтө баалуу.

Ал эми Жогорку Кеңеш билим берүү тармагынын келечеги үчүн кам көрүүнү башкы максаты катары билет. Дайыма агартуучулардын жаркын жашоосун камсыздоого багытталган мыйзам долбоорлорун даярдоо менен алардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Акыркы жылдары жаңы мектеп имараттары салынып, жылдан жылга бала бакчалардын да саны көбөйүүдө. Албетте, бул чек эмес. Мамлекетибиздин келечеги илимдүү-билимдүү жаштардын колунда болгондуктан мындан ары да жаңы окуу имараттарынын санын көбөйтүү аркылуу аларды заманбап окуу куралдары менен жабдуу иши тынымсыз улантылат.

Сиздердин бүгүнкү ийгилигиңиздер – мекендин эртеңки келечеги. Андыктан кылган эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, аман болуңуздар! Узак өмүр, бекем ден соолук каалайм", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: