БШК Нарын шаарынын мэрин шайлоону дайындады
Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын шаарынын мэрин шайлоону дайындады. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Нарын шаарынын мэрин шайлоо 22-октябрда саат 09:00дөн 12:00гө чейин өтөрү белгиленди. Нарын облусундагы Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков берилген арызына ылайык, кызмат ордунан бошотулду.
Нарын аймактык шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өкмөттүн токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен шайлоону өткөрүүнү уюштуруу тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.