Ошто укук коргоо органдары үчүн добуш сатып алууга жана административдик ресурска чара көрүү боюнча окутуу өттү
Ош облусунда укук коргоо органдары үчүн добуш сатып алууга жана административдик ресурска чара көрүү боюнча окутуу өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Окутуу процессине карата жаӊыча мамилени калыптандырууну эске алуу менен тренингге тергөө, сурак органдарынын тажрыйбалуу өкүлдөрү, коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери чакырылды.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова катышуучуларга аралаш шайлоо тутуму боюнча алдыда күтүлүүчү парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана укук коргоо органдары өз ишмердигинде кандай учурларды эске алуулары зарыл экендигин, ошондой эле чара көрүү схемалары тууралуу маалымат берди.
“Кыргыз өлкөсү шайлоо тутумун реформалоонун жүрүшүндө шайлоонун аталган этабында коррупцияга жол бербестен, добуштарды саноодо тактыкка жетишти. Эгер добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир этүү үчүн саясий партияларга шайлоо комиссиялары, райондук же жергиликтүү бийлик менен тил табышууга мүмкүн болбосо, анда шайлоо процессинин натыйжасы көз каранды болгон бир эле субъект – шайлоочу гана калат. 2016-2020-жылдары жергиликтүү шайлоолордогу массалык катталган добуш сатып алуулардын келип чыгышы ушундан.
Эгер биз бул көйгөйдү чечкен болсок, анда ал ишенимдүүлүктү арттырат. Атап айтканда, ар бир жарандын шайлоо органдарын түзүүгө таасир этүү мүмкүнчүлүгү катары жеткиликтүүлүктү камсыздоо мамлекеттин жарандарга карата жоопкерчилиги болуп эсептелет. Андыктан добуштарды сатып алуу жана административдик ресурс маселесин чечүү зарыл. Ал үчүн мамлекеттик жетекчиликтин эле эмес, ЖӨӨБ органдарынын, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилеринин да саясий эрки күчтүү болушу керек”, - деди ал.


