Эл өкүлү "Коопсуз шаар" боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыктары жакын арада жарыялана турганын айтты
Жогорку Кеңештин депутаты Шералы Абдылдаев "Коопсуз шаар" боюнча депутаттык комиссиянын жыйынтыктары жакын арада жарыялана турганын айтты. Бул тууралуу ал “Парламент” радиосуна берген маегинде билдирди.
"Жол маселеси олуттуу колдоого муктаж болгондуктан, насыялык портфелдердин басымдуу бөлүгү ошол тармакка жумшалууда. Бишкек – Ош жолунун Талас тарапка кеткен жагында (Өтмөк ашуусу жакта) 8 чакырым жолду асфальттоонун 2-катмары дагы деле басылбай турат. Анын айынан 1-катмардын сапатына доо кетип, эми кайра оңдоп-түзөөгө муктаждык жаралууда.
Ушундай иштерге шалаакылык менен мамиле кылгандар жооп берүүгө тийиш. Түндүк-түштүк унаа жолунун иштерине илең-салаңдык менен мамиле жасоого эч кимдин акысы жок. Деги эле кайдыгерлик – жоопкерчиликтин душманы! Азыр курулуп жаткан Ысык-Көлдүн тескей тарабындагы жолдун сапаты да кынтыксыз.
Жолдордун абалы, андагы айдоочулардын эрежелерди сактоосу, “Коопсуз шаар” долбоорунун чектериндеги иштер боюнча депутаттык комиссиялардын жыйынтыктары жакын арада жарыяланат", - деди ал.


