super.kg logo

Ленин акимчилигинде "Ош базарындагы" башаламан соода-сатык маселеси талкууланды

 

Ленин акимчилигинде "Ош базары" соода комплексинин айланасындагы стихиялуу соода-сатыкты жоюу маселеси талкууланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, жыйынга Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Максатбек Сазыкулов жана Ленин районунун акими Русланбек Тагаев катышты.

"Жолугушууга "Ош базары" соода-оюн-зоок комплексинин аймагындагы ишкердик субъекттер: "Беш-Сары" соода борбору, "Берекет Универсал" соода борбору, "Берекет Гранд" соода борбору, "Кыял" мамлекеттик ишканасы, Элдик чеберлер союзу жана башка субъекттер, ошондой эле шаардык жана райондук кызматтар катышты.

Катышуучулар базардагы стихиялуу сооданы жоюу боюнча биргелешкен планды иштеп чыгуу, базардын ичинде стихиялуу соодагерлерди жайгаштыруу маселелерин талкуулашты. Соода эрежелерин бузгандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти кароо сунушталды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: