"Аялдын макулдугу жок эле психикалык саламаттыгын текшеришкен". Психиатриялык саламаттык борборунун дарыгерлерине сөгүш берилди

Маалым болгондой, акыйкатчыга 1928-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Анда Республикалык психиатриялык саламаттык борборунун психиатр дарыгерлери тарабынан Г.Е. аттуу аялдын макулдугу жок эле психикалык абалын күбөлөндүрүү үчүн текшерүү жүргүзүшкөнү айтылган.
"Арыздын негизинде Акыйкатчы аппаратынын тармактык кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган борбордон суроо-талап жөнөтүлүп, аталган факты боюнча кеңири маалымат берүү суралган.
4-октябрда жооп келген. Анда Республикалык психиатриялык саламаттык борбору 9-сентябрда кызматтык териштирүү үчүн комиссиясы түзүлгөнү кабарланат. Териштирүүнүн алкагында белгилүү болгондой, жаран Г.Е. өзүнүн психикалык саламаттыгынын абалын күбөлөндүрүүгө макулдук бербегендиги тастыкталды. Ошондой эле аны андан ары диспансердик байкоо жүргүзүү үчүн каттоого алуу маселеси көтөрүлгөн эмес жана дарыгер-психиатрлар Г.Е. диспансердик каттоого алууга муктаж деген сунуш беришкен эмес.
Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" мыйзамынын ченемдерин (жарандын макулдугусуз күбөлөндүрүү) сактабаганы үчүн психиатр-дарыгерлерге сөгүш жарыяланды", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:51
2025-07-26

12:02
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.