Борбордо жылуулук берүү башталды. Көйгөй жаралса кайда кайрылса болот?
5-октябрга карган түнү Бишкек шаарынын тургундарына жылуулук бериле баштаган. Учурда калаанын борбордук жана түштүк бөлүгү жылуулук берүү системасына туташтырылды. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, алгач жылуулук мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан соң көп кабаттуу үйлөргө, өнөр жай мекемелерине бериле баштайт.
Жылуулук тармагына байланышкан суроолор болсо, төмөнкү номурларга кайрылса болот:
- (0312) 61-11-69 же 1980 – колл-центр "Бишкек жылуулук тармагы" ААК;
- (0312) 56-85-58 – диспетчердик кызмат;
- 36-57-19, 30-07-67 – Борбордук райондогу нөөмөт инженери;
- 51-06-22, 21-74-06 – Түштүк районундагы турак жайларды жылуулукка туташтыруу боюнча нөөмөт инженери.


