super.kg logo

"Депутаттыкка талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга жеткирүүнү суранды". Равшан Жээнбеков соттук отурумда судьяга өтүнүч келтирди

 

Бүгүн, 6-октябрда Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум болуп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин, жактоочулардын келбегендигине байланыштуу кийинкиге калтырылды. Тагыраагы, аталган иш боюнча соттук кароо 25-октябрь саат 14:00гө белгиленди. Бул туурасында Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча бир нече фактылар боюнча шектелип 2 айга камакка алынган. Отурумда Жээнбеков судьядан конвойлордун коштоосунда БШКга жеткирүүсүн оозеки суранды. Айтымында, БШК шайлоого катышууну каалаган талапкерлер өздөрү келип документ тапшыруусун талап кылат.

"Жээнбеков оозеки түрдө өтүнүч келтирди. Судья кат түрүндө кайрылуу керектигин белгиледи. Соттук отурумдан кийин расмий түрдө кат келип түштү. Азыркы учурда өтүнүч каралып жатат, уруксат бериле элек", - дешти райондук соттон.

Белгилей кетсек, 5-августта саясатчынын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: