super.kg logo

Талант Мамытов жогорку окуу жайлардын жана орто мектептердин мугалимдери менен жолугушту

 

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жогорку окуу жайлардын жана орто мектептердин мугалимдери менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгач төрага агартуучуларды кесиптик майрамы - билим берүү кызматкерлердин күнү менен куттуктап, алардын билим берүү тармагына кошкон салымы жогору экенин белгиледи.

Ошондой эле Талант Мамытов жаш муундарды окутуп, тарбиялоодогу жигердүү ишмердүүлүгү үчүн мугалимдерге ыраазычылык билдирди. "Келечек муундун өкүлдөрүн ажайып илим дүйнөсүнө жетелеп, алардын жеткиликтүү билим, татыктуу тарбия алуусуна камкордук көрүү мугалимдердин асыл милдети. Анткени "Мыкты билим – улуу күч" дегендей, билимдүү жаштар элибиздин эң башкы байлыгы. Кыргыз мамлекетинин бакубат келечеги да жаштарга таандык. Андыктан биздин өлкөдө билим берүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Азыркы ааламдашуу доорунда адамзат болочогун илим менен билимсиз элестетүү эч мүмкүн эмес", - деди.

Иш-чара алкагында алдыңкы агартуучуларга Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: