super.kg logo

Депутат: "Министрлер кабинетинин мүчөсү болууну каалаган талапкердин 10 жылдык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы эмгек стажы болушу керек"

 

Бүгүн, 6-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында баяндама жасаган депутат Аалы Карашев жаңы мыйзам долбооруна ылайык министрлер кабинетинин мүчөсү болууну каалаган талапкердик 10 жылдык мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы эмгек стажы болушу керектигин белгиледи: “Анын ичинен 5 жыл жетекчилик кызматтарда иштеши зарыл. Ошондой эле мамлекеттик кызматкердин ишкерчилик менен алектенүүсү толук чектелип, шайлоо маалында административдик ресурсту колдоно албастыгы так белгиленди. Мындан тышкары эми министрлер кабинетинин мүчөсүнө кылмыш иши башкы прокурор тарабынан гана козголот жана буга президенттин макулдугу талап кылынбайт”, – деди ал.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев министрлер кабинети менен президенттин администрациясы кандай иш алып барарына кызыкты.

Өз кезегинде Аалы Карашев жаңы долбоордо министрлер кабинетинин ишин президенттин администрациясы алып барары көрсөтүлгөнүн белгиледи. “Мыйзам колдоо тапса айрым структуралар өзгөрөт. Министрлер кабинетинин башчысы президенттин администрациясын жетектейт”, – деп кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
06.10.2021. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекеттин казанына кайнап, коррупцияга баш-оту менен малынып анан ммнистр болобу?!

Министрликке тыштан билимдуу, таза кадрды алып келип койсо болбойт дегениби? Жетекчилик кызматтарда ончой чондордун балдары....

Жепжутарлар оздорун ойлоп ушул мыйзамды сунуштап жатабы?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: