super.kg logo
  Спорт  

2 мүнөткө жеткирбей утуп! Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда коло медаль тагынды

 

Мекендешибиз Айпери Медет кызы Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду.

Кыргыз балбан кызы коло медаль үчүн болгон беттеште украиналык Анастасия Шустова аттуу спортчу менен күч сынашты.

Беттеште кыргыз балбан кызы кыйла мыктылыгын көрсөтүп, 2 мүнөттүн ичинде эле жеңишти камсыздады. Алгач эле 4 упай алып, адан соң каршылаштын эки бутун бирдей кармап токтотпостон айлантуу менен 8 упайды бир убакта алууга жетишти. Беттеш 12:1 эсебинде аяктап, Айпери Медет кызы эч кыйналбастан жеңишке жетти. Мунун менен мекендешибиз дүйнө чемпиондугунда коло байгеге ээ болду.

Эске салсак, Айпери Медет кызы Дүйнө чемпиондугунда алгачкы беттешин болгариялык Мария Оряшкова аттуу спортчуга каршы өткөргөн. Анда каршылашына эч мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишкен.

Ал эми чейрек финалда орусиялык Марина Суровцевага каршы килемге чыгып, аны дагы буйдамга келтирбестен 10:0 менен утуп алган.

Жарым финалдык беттеште, тилекке каршы, эстониялык Еп Мае аттуу балбан кызга жеңилип калган. Ал беттеш 3:3 эсебинде аяктап, эрежеге ылайык акыркы упайды иштеп тапкандыгы үчүн эстониялык спортчуга жеңиш ыйгарылган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
07.10.2021. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жениш кут болсун Айпери!
Жениш кут болсун Кыргыз элим!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: