super.kg logo

Депутаттар Ноокаттын суу менен камсыздоо долбоору 3 жылдан бери ишке ашырылбай токтоп турганын сынга алышты

 

Жогорку Кеңештин жыйынында "Ноокат шаарындагы суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча насыялык макулдашуу каралды.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин айтымында, ЕРӨБ Ноокат шаарынын жана ага жакын жайгашкан айылдардын таза суу тармагы менен саркынды сууларды чыгаруу тутумун жаңыртуу багытында жалпысынан 4 миллион 800 миң евро өлчөмүндө каражат бөлөт, анын ичинде 2 миллион 200 миң евро гранттык каражат болуп саналат. Насыя 15 жылдык мөөнөткө 1 пайыздык үстөгү менен берилүүдө. Ал мэрия менен шаардын Сууканал ишканасы тарабынан жабылууга тийиш.

Ал эми Ноокат шаарынын мэри алынган насыяны толугу менен өз маалында төлөй алыша турганын, бардык чыгымдар менен кирешелер эсептелип чыкканын, долбоор ишке ашып калса, анын алкагында жергиликтүү 10 миң адам таза суу менен камсыз болууга тийиш экенин билдирди. Ал бул долбоорго Ноокат шаары эле эмес, анын айланасында жайгашкан айрым айылдар кире турганын кошумчалады.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар “Ноокат шаарынын суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын реабилитациялоо” долбоору 3 жылдан бери ишке ашырылбай токтоп турганын сынга алышты. Депутат Шайлообек Атазов айрым мекемелердин жетекчилери көп жылдан бери депутаттарды эле эмес, жалпы элди да алдап келатканын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, азыркы учурда Кыргыз өлкөсүнүн аймагында таза суу жетпеген 645 айыл бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: