Пауэрлифтинг боюнча кыргыз балбандары Орусияда өткөн мелдеште 11 алтын жеңип алышты
Ата мекендик спортчулар Орусиянын Краснодар аймагындагы Геленджик шаарында өткөн пауэрлифтинг (оор көтөрүү) боюнча Европа чемпиондору кубогунда 11 алтын, 1 күмүш медаль жеңип алышты. Бул тууралуу жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган спорт түрү боюнча мелдешке 5 адамдан түзүлгөн улуттук курама команда катышкан. Алар Александр Ким, Азимжан Кадыров, Эрназар Асанов, Дмитрий Дорошенко жана Гүлжана Нурланова.
Кыргыз балбандары пауэрлифтингдин жаткан абалда оордук көтөрүү, белге чейин көтөрүү сыяктуу бир канча түрүнөн байгелүү орундарды камсыздашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
salimbek87.kg

07.10.2021. 14:19
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баракелде азаматсынар
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.