Ала-Букада УКМКнын кызматкерлерине жаңы имарат курулду. Ачылыш аземге Камчыбек Ташиев барды








Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жайгашкан УКМКнын райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 6-октябрда курулган жаңы, заманбап имараттын ачылыш аземи болуп өттү.
Ага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, комитеттин жергиликтүү өздүк курамы жана ардагерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.
"Атайын кызмат мындан ары да уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы иш-аракеттерди активдүү улантат. Коопсуздук комитетинин аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо, кызматкерлерге жетиштүү шарттарды түзүп берүү аракеттери мындан ары да улантылат. УКМКнын Ала-Бука райондук бөлүмү буга чейин 1936-жылы курулган, иштөө үчүн шарттары жок жайда кызмат өтөп келген", - деди Ташиев.



А Ташиев палан здание салынат, салып бутургуло десе, жоктон болсо да акча табылат, здание салынып бутот, Ташиев келип лента кесип кетет. Ким салдырды, Ташиев салдырды. Мектеп же бала-бакча салына турган акча УКМКнын имаратына жумгалганы эч кимди кызыктырбайт...
Марипов атына эле Окмот башчы, Ташиев олкодо жарым хан болуп турганда. Болбосо ал болгону УКМК башчысы...