Жалал-Абадда алдыда өтө турган шайлоого карата укук коргоо органдарына семинар-тренинг өтүлүүдө



6-октябрда Жалал-Абад шаарында алдыда боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу семинар-тренинг өтүүдө. Аталган иш-чарага Жалал-Абад ОИИБинин шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары жана орун басарлары, УКМК, прокуратура кызматкерлери, тергөөчүлөр, участкалык инспекторлор, округдук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү катышууда. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Тренингдин алкагында Борбордук шайлоо комиссиясынын, Ички иштер министрлигинин, Башкы прокуратуранын өкүлдөрү тарабынан президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча маалыматтар жеткирилүүдө.
Иш-чарада укук коргоо органдары менен БШК кызматкерлеринин бергелешип иш алып баруу процесстери айтылууда. Шайлоо күнү жана ага чейин мыйзам бузуулар катталган учурда кандай чаралар көрүлө тургандыгы белгиленди. Ошондой эле катышуучулар менен суроо-жооптор орун алып, биргелешип чечүүчү маселелер талкууланууда.


