super.kg logo

Тажикстандан электр энергиясы сатып алынууда. Буга "Улуттук энергохолдингдин" түшүндүрмөсү

 
Токтогул суу сактагычында суунун аздыгына байланыштуу "Улуттук энергохолдинг" ишканасы Борбор Азиянын энергетикалык шакекчесине кирген бардык өлкөлөр менен Кыргыз өлкөсүнө электр энергиясын жеткирүү маселелерин караштырууда. Бул тууралуу "Улуттук энергохолдингдин" ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул энергосистема аймактагы электр энергиясын ыкчам түрдө өз ара жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
"Буга байланыштуу октябрь айынын башынан бери Тажикстандын энергетикалык системасынан электр энергиясы алына баштаган. Импорттолгон электр энергиясы Баткен жана Ош облустарынын лимиттен ашкан бөлүгүн камсыз кылат.
Тажикстандан алынып жаткан электр энергиясы Борбор Азиянын Бириккен Энергетикалык системасынын алкагындагы макулдашууларга ылайык, импорттук же пландан тышкаркы агым катары каралышы мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Белгилеп өтсөк, буга чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаев Кыргыз өлкөсү 1-октябрдан тарта Тажикстандан электр энергиясын сатып ала баштаганын маалымат жыйында айткан.
Ал эми Тажикстандын жергиликтүү маалымат агенттиги кыргыз министринин айткандарын жазып, бирок Тажикстандын өзүндө күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясы тартыш болорун белгилеген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: