Республикалык штаб Баткен облусундагы COVID-19га каршы эмдөөнүн жүрүшүн талкуулады
Баткен облусунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын төрагалыгы астында коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешменин жүрүшүндө республикадагы эпидемиологиялык абал, Баткен облусунун билим берүү мекемелеринин вакцинация жүргүзүүгө даярдык маселеси жана калкты вакцинациялоо боюнча кампаниянын жүрүшү талкууланды. Шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери өздөрү тейлеген участоктору боюнча маалымат беришти.
Ыкчам маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунда COVID-19га каршы эмдөөнүн максаттуу тобу 185 миң 695 адамды түзөт, анын 40 пайызы 1-дозасы менен эмделген, эмдөөнүн толук курсунун (1-2-доза) 27 пайызы өткөн.
Жылдыз Бакашова бир катар аймактарда калкты эмдөө темпи төмөн экенин айтты. Алсак, эң төмөнкү көрсөткүчтөр Бишкек шаарында (20%), Чүй облусунда (19%), Баткен облусунда – Баткен (19%) жана Сүлүктү (20%) шаарларында белгиленген.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары профессордук-окутуучу курамдын, 18 жаштан жогору курактагы адамдардын арасында эмдөө жүргүзүү өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи.


