Акыйкатчы: "Курсан Асанов былтыр Октябрь окуясында ИИМди басып албаганын айтты"
6-октябрда акыйкатчы Токон Мамытов Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына барды. Ал жактан Курсан Асанов жана Максат Касеновго жолукту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Акыйкатчыга сүйлөшүү учурунда Курсан Асанов бийликти күч менен басып алуу тууралуу делген аудиого экспертиза жасалып, ал монтаждалганын айткан.
"Курсан Асанов ИИМдин имаратын басып албаганын, 2020-жылдын 6-октябрында ал ИИМдин имаратына башка адамдар, мурдагы ички иштер министри жана башка адамдар барышкандан жарым саат өткөндөн кийин барганын белгиледи. Ал ошондой эле ички иштер министри кызматына Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Суваналиевден буйрук алгандан кийин киргенин айтып берди.
“Болгондо да мени ИИМдин жамаатына расмий тааныштыруудан кийин министр кызматына киришкем” деди Курсан Асанов. Ал өз сөзүн тастыктоо үчүн Коопсуздук кеңешинин аны министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындоо тууралуу каттын көчүрмөсүн көрсөттү.
Акыйкатчы менен сүйлөшүүдө жарандык активист Максат Касенов маалымдагандай, ал мындан төрт жыл мурда орун алган окуя боюнча кармалган. "Кылмыш иши тараптардын жарашуусунан улам кыскартылган болчу, ушул учурга чейин эч ким арыз жазган эмес жана укук коргоо органдарына кайрылган жок. Эмне себептен төрт жыл мурдагы ишти кайра козгоп жатышканы түшүнүксүз. Мүмкүн Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуу ниетинен улам болушу мүмкүн" деген Максат Касенов.
Токон Мамытов убактылуу кармоочу жайда адам укуктарын бузууга жол бербөө максатында тиешелүү чараларды көрүү үчүн каттарды Башкы прокуратурага, Жогорку Сотко, УКМКга жана ИИМге жолдоду", - деп жазылат маалыматта.


