Бишкектин мэри калаадагы автобустарга айдоочулар жетишпей жатканын айтты
Бишкек шаарында 2017-жылдан баштап автобус жана кичи автобустардын саны кыскарганы байкалат. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйында билдирди.
"2017-жылдан бери борбор калаада автобустардын жана кичи автобустардын саны кыскарганы байкалат. 5 жылдын ичинде кичи автобустардын саны 4136 болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 1 590ду түзөт. Эгер автобустар 94 болсо, азыр 87ге чейин кыскарган. 103 даана троллейбус болсо, эскилерин оңдоп ишке киргизип, алардын санын 130га чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк болду. Тарифти көтөрүүнүн себеби транспорттордун санын көбөйтүү болгон.
Учурда автобустардын санын 210го чейин көбөйттүк. Бирок алардын 80-90у гана каттамга чыгат. Калгандары чыга элек. Анткени айдоочулар жетишпей жатат. Биз тез арада айдоочуларды окутуу боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз", - деди Жунушалиев.


