super.kg logo

Депутат: "Учурдан пайдаланып көмүрдүн баасын жасалма жол менен көтөрүп жатышат. Монополияга каршы департамент каякты карап жатат?"

 

Көмүрдүн баасын жасалма көтөрүп жатышкандарга көзөмөл болбой жатат. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Монополияга каршы департамент каякты карап жатат? Эмне иш кылып жатат билбейм. Көмүр кымбаттап жатат. Электр энергиясын өчүрөт дегенден пайдаланып көмүр саткандар бааны көтөрүп жатышат. Бул нерсени көзөмөлгө алуу керек.

Бишкек шаарында көмүргө болгон баа 4 миң 500 болсо, Каракол шаарында 6 миң, Баткенде 7 миң 500. Көмүрдүн сапатын да карашыбыз керек. Канчалык ден соолукка зыян келбейт. Бизде бир нерсени билсе эле ошол жактан бизнес кылып калышты. Пандемияда оору чыкса, томографияга 5-6 миң кылып баасын көтөрүп алышты. Быйыл электр энергиясы өчөт десе, көмүрдүн баасын жасалма көтөрүп жатышат", - деди Икрамов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: