Өлкөдө акыркы эки жыл ичинде эмчек рагына кабылып, андан каза болгон аялдардын саны өскөнү маалымдалды

Өлкө аймагында рак ооруларынын ичинен эмчектин рагы абдан көп кездешүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Касымалиева онкологиялык ооруга кабылгандардын биримдиги жазган катты окуп жатып айтты.
"Жогорку Кеңештин алдында азыр ракка кабылган аялдар турат. Алар республикалык бюджеттен акча бөлүүнү суранууда. Эмчек рагына кабылгандар жана андан көз жумгандар 2019-2020-жылдары рактын башка формаларынан биринчи орунга чыккан.
* онкология
- 110 миллион сом - эмчек рагына кабылгандардын таргеттик препараттарына;
- 160 миллион сом - шишикке каршы чоңдор жана балдар үчүн дары-дармектерге;
* гематология
- 10 миллион сом - кан борборуна болгон карызды жабуу;
- 2022-жылга карата гематологияга 5 миллион сом;
- 25 миллион сом - кандын керектүү компоненттерине;
- 30 миллион сом - химиялык-терапиялык дарылоого;
* гемофилия
- 100 миллион сом балдарга жана чоңдорго;
- кандын факторлоруна реакция кылбаган балдарга - 5 миллион сом;
- омурткасы кыйшык өскөн балдарга - 30 миллион сом
- гепатит - 600 миң адам бул ооруну жайылтуучулар, эмдөө жүргүзүү керек, буга 800 миллион сом керектелет, кант диабетине 150 миллион сом.
Негизи бул акчалар чоң акча эмес, жарандар өздөрү төлөйт, бирок кымбат дарыларды мамлекет сатып алышы керек, бизде мамлекет сатып алган эмес, ошол маселелерди карап койсоңуздар", - деди Касымалиева.


