super.kg logo

"Министрлер кабинети "мүмкүн эмес" дейт". Депутат сейрек кездешкен ооруга чалдыккан балдарды дарылоого фонд түзүлбөй жатканына нааразы болду

 

"Бизде абдан көп балдар операцияга муктаж болуп жатат, бирок мамлекет аларга эч кандай жардам бере алган жок. "Кумтөрдөн" жана башка жактардан мына акчалар "агып келип жатат" дейбиз, бирок иш жүзүндө акча жок да жардам бергенге. Ошол үчүн мен жыл башында эле сейрек кездешүүчү ооруга чалдыккан балдарды дарылоого атайын фонд түзүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган элем, тилекке каршы, ал ошол бойдон жылбай жатат", - деп бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев айтты.

Өз кезинде эл өкүлү бийлик өкүлдөрүн, өкмөт өкүлдөрүн оор илдеттерге кабылган балдардын көйгөйүнө кайдыгер карабоого чакырды.

"Мына Аруузатты айтып канча адам кайрылды, андай илдетке кабылган балдардын саны өлкөдө 35 экен. Ошол үчүн фонд түзөлү, ал фондду салыктан бошотолу. Министрлер кабинетине берсем, "жок, ал фондду түзгөнгө мүмкүн эмес" дешет. Керек учурда баары мүмкүн болуп жатпайбы, ал тургай ушундай чоң бюджети бар Орусия дагы түзгөн андай фондду. Балдарды дарылоого фонд түзүлүшү керек жана ал фонд ачык-айкын иш алып баруусу зарыл", - деди Бекешев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: