Депутат Нурдинов "сизге алкыш" деп сөз баштап, Тил комиссиясы "рахмат" сөзүн карап чыгышы керектигин айтты
Кечээ, 6-октябрда депутат Бейшеналы Нурдинов Жогорку Кеңештин жыйынында "рахмат" деген сөздүн ордуна "алкыш" сөзүн колдонууну сунуштап чыккан болчу. Эл өкүлүнүн сунушу коомчулуктун көз жаздымында калбай, түрдүү талкууну жаратты.
Бүгүн, 7-октябрдагы жыйында Бейшенаалы Нурдинов сөз сүйлөп, аны "сизге алкыш, Аида Камчыбековна" деп баштады.
"Мен кечээ алкыш сөзү боюнча айттым эле, ошону протоколдук тапшырма кылып Тил комиссиясына берип койсоңуздар. "Рахмат" деген арабдын сөзүбү, алкыш деген кандай маанини берет, ошону бизге түшүндүрүп беришсин", - деди Нурдинов.
"Бейшеналы Нурдинович, биз Тил комиссиясына муну протоколдук тапшырма кылып бере албайбыз. Депутаттык кайрылуу менен ал маселени чечсе болот", - деди парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева.
кошулду










1 |