super.kg logo

"Көмүрдүн баасын негизсиз көтөргөндөргө чара көрүлөт" дейт Бишкектин мэри

 

Көмүрдүн баасын себепсиз көтөргөндөргө чара көрүлөт. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйында билдирди.

Жунушалиевдин айтымында, Бишкек шаарында көмүр сатып алуу үчүн 6 отун базасы жана 7 стационардык пункт иштеп жатат.

"Азыркы учурда аба ырайы кескин сууктап, көмүрдүн баасы жогорулап 4 миң 800 сомго чейин чыгыптыр. Буга чейин 4 миң 500 сомго чейин болгон. Бүгүн Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен мэриянын кызматкерлери бирге рейд жүргүзүү боюнча тапшырма берилди. Эгер негизсиз көмүрдүн бааларын көтөргөндөр болсо, аларга карата чара көрүлөт. Калаада көмүр бар. Ошондуктан шаар тургундарын өз убагында көмүр сатып алууга чакырабыз", - деди Жунушалиев.

Буга чейин Бишкек шаарында көмүр сатып алуу үчүн пункттардын дареги жазылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
07.10.2021. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа койчу ай деп койчу беле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: