super.kg logo

"Мени издегендер конуштарга келиңиздер". Айбек Жунушалиев блогерлер менен иштешүүгө даяр экендигин билдирди

 

Бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаарынын кышка даярдык көрүү боюнча маалымат жыйыны өттү. Ага шаар мэри Айбек Жунушалиев жана вице-мэрлер катышты.

Маалымат жыйында Жунушалиев блогерлер менен иштешүүгө даяр экендигин айтты.

"Көпчүлүгү "сизди көрбөй жатабыз" деп жазышат. Блогерлерге, социалдык тармактын активдүү колдонуучуларына айтар элем. Эгер мени издесеңиздер жаңы конуштарга келиңиздер. Анткени ал жактардан мени көрүү мүмкүнчүлүгү чоң. Биз күн сайын жаңы конуштарга барабыз.

Башынан бери эле айтып келем. Биз кызматка өзүбүздү жарнамалоо үчүн келген эмеспиз. Мен кайсы бир конушка барып алып түз эфирге чыгып отурбайм.

Бизде маалымат кызматы бар. Алар мэриянын иши тууралуу кабар берип турушат. Маалымат жыйындарда суроолорго жооп берип турабыз", - деп билдирди Жунушалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: