super.kg logo

Мигранттар пенсия албай калабы? Социалдык фонд жооп берди

 

Бүгүн, 7-октябрда Жогорку Кеңеште мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзам долбоору каралууда.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Бейшенаалы Нурдинов Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиевге "Биздин мигранттарга социалдык чегерүү кандай жүрүп жатат?" деген суроону узатты.

"Азыркы учурда мигранттар боюнча Евразия экономикалык бирликтеги мамлекеттер, Түркия, Корея менен келишимдер түзүлгөн. 2021-жылдын 1-январынан бери алар бул жакка кайтып келип, бул жактан пенсияга чыкса азыр аларга төлөнүп жаткан акчадан пенсия катары бериле турган болгон. Бул абдан чоң көйгөй болчу, 2014-жылдан бери чечилбей жаткан эле, 5 өлкөнүн мигранттарынын пенсиялык көлөмүн чыгаруу абдан татаал болду", - деди Орозалиев.

Ал ортодо депутат Аалы Карашев: "Бейшенаалы Нурдинович, абдан көйгөйлүү маселени көтөрдүңүз. Мигранттар мисалы 25 жылдан бери иштеп жүрүшөт да, анан алар кийин кайтып келишсе алардын такыр эсеби жок болчу да. Дагы 5-10 жылдан кийин мындан 20 жыл мурун мигрант болуп кеткендер өз өлкөсүнө кайтып келишет, ошондо бул маселе көтөрүлөт. 2015-жылдан баштап келишим түзүү демилгеленген, бирликке кирген өлкөлөр менен сүйлөшкөнбүз, ал кезде мен өкмөттө иштечү элем. Ошондо 2021-жылдын башынан тартып ушул нерсе ишке кирсин дегенбиз, азыр иштей баштады, муну улантуу керек", - деди.

Бейшенаалы Нурдинов тактоо иретинде суроо берди. "Ошондо 2021-жылга чейин иштеп жүргөндөргө социалдык чегерүү жок болуп калабы?" деди ал.

Орозалиев: "Буга чейин легалдуу иштегендер болсо стаж катары эсептелинет. Ал эми 2021-жылдын башынан тартып мигранттардын иштеп жаткан акчасы пенсия катары буюрса кайра кайтып келет. Жакында Орусиянын пенсиялык фонду менен сүйлөшсөк, 600 миңден ашык Кыргыз жараны легалдуу иштеп жатат деп билдиришти", - деди Орозалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: