super.kg logo

Президент Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө лидерлери Кыргыз-Орус эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттарын, ар кыл тармактагы өз ара пайдалуу байланыштардын абалын жана өнүгүү келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктап, ага бекем ден соолук, узак өмүр, ошондой эле жооптуу мамлекеттик ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

Ал өлкөлөрдүн тарыхый достук жана бири-бирин урматтоонун бекем салттарына негизделген өз ара алакасын жогору баалап, бул иште Владимир Путиндин чоң салымын белгиледи.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров Орусия лидерин Мамлекеттик думага шайлоолордун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, анын мындан аркы ишмердүүлүгү парламенттер аралык байланыштарды Жогорку Кеңеш менен чыңдоого багытталарына ишеним артты.

Өз кезегинде Владимир Путин куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле орус тараптын биргелешкен күн тартибиндеги бардык маселелер боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү улантууга даярдыгын белгиледи.






“Дарыгердин тастыкмасы жок эле жиндиканага алып барабыз дешти” деген жаран кайрылды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: